• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан эки айдоочу жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 01.06.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда кечээ, 31-майда оор жүк ташуучу унаа менен жеңил автоунаа кагылышкан. Кырсыктын натыйжасында эки айдоочу тең жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кырсык болжол менен саат 21:35тер чамасында унаа жолдун 114-чакырымында катталган. Жабыркаган эки айдоочу Кара-Балта шаардык ооруканасына жеткирилген.

Эске сала кетсек, кечээ Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда катталган кырсыктан бир адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий