• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмокто эшиги жабылып калган батирдин ичинен 81 жаштагы аялдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 28.05.18. /Кабар/. Токмок шаарында эшиги жабылып калган батирдин ичинен 81 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 26-майында болжол менен саат 11:40 чамасында куткаруучулар эшиги жабылып калган батирди ачышкан.

“Батирдин ичинде 1937-жылы туулган С. А. А., аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Куткаруучулар маркумдун денесин ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий