• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москвадагы учак кырсыгынан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

Кырсык 0

Бишкек, 06.05.19. /Кабар/. Москва шаарынын Шереметьево аэропортунда Москва – Мурманск каттамы боюнча учуп бара жаткан SSJ-100 учагында болгон авиакырсыкта жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу КРнын элчилиги Россиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москва шаары боюнча ыкчам кызматына шилтеме берип кабарлады.

“Кырсыктан кайтыш болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандарга батыраак сакайып кетүүнү каалайбыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий