• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 06.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-мартында кабыл алынган.

Аталган мыйзамды кабыл алуу менен Кыргыз Республикасынын «Пробация жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу жана жаза түзөтүүлөрүн аткарууга жагымдуу шарттарды түзүү жана тараптарга кылмыш-жаза мүнөзүндө чара колдонууга байланыштуу социализациялоо зарылдыгынан улам келип чыккан.

Бул максатта бир катар мыйзам актыларына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндөгү» кодексине өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий