• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта шамал көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 29-май /Кабар/. Сузак районунун Курманбек айылдык аймагында 2017-жылдын 28-май күнү саат 16:05 чамасында секундасына 15 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 28-май күнү КР ӨКМнин райондук бөлүм башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясынын жеринде тактоо иштеринин негизинде Кара-Чолок айылында 2 кабаттуу үйдүн 112м2 тунукесин шамал учуруп, жараксыз абалга келген.Жабыркагандар жок.

Мындан тышкары, З.Тайгараев айылдык аймагында 2017-жылдын 28-май күнү саат 15:30 чамасында ылдамдыгы секундасына 15 метрге жеткен катуу шамал катталган.

ӨКМ маалыматы боюнча, Кызыл-Суу айылында 11 турак жайдын жалпы 30 даана шиферин жана 11 сарайдын 150м2 тунукесин учуруп кеткен. Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий