• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кеминде жүк ташуучу унаа жана май куюучу жай күйдү — ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Кеминде унаа жана май куюучу жай күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Кемин шаарында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун жээгинде "Red Petroleum" май куюучу жайында турган жүк ташуучу "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унаадан өрт чыгып, толук күйүп, андан тышкары өрт 1 даана май куюучу колонкага өтүп жана оператордук бөлмө, ичинде жайгашкан жалпы аянты 80 чарчы метр дүкөн жана темир калай менен жабылган аянты 140 чарчы метр бастырма күйүп кетти. Болжол менен өрттүн жалпы аянты 220 чарчы метрди түзөт. Өрт толугу менен саат 06:40та өчүрүлдү.

Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий