• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатында «коло» алышты

Спорт 0

Бишкек, 29-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Владимир Золоев жана Юрий Краковецкий Гонконгдо өткөн эркектер жана аялдар арасында дзюдо боюнча Азия чемпионатында коло медаль алышты. Бул тууралуу спорттун бул түрү боюнча федерациясы билдирди.

В.Золоев 81 кг чейинки салмак категориясында Монголиянын балбаны Дагвасурен Нямсуренди жеңип, 3-орун алды.

Ал эми Юрий Краковецкий 27-майда 100 кг жогору салмак категориясында Казакстандык атаандашын жеңип, коло медалга татыды.

Бул медаль Юрий Краковецкий үчүн Азия чемпионатында төртүнчү болду.

Пикир

Оставить комментарий