• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Ысык-Көл облусундагы ат майданды курууда мыйзам бузуулар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.05.18. /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы (ККК) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Бостери аймагына караштуу Бактуу-Долоноту айылында өткөрүлгөн экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн ат майданды курууда каражаттарды пайдалануунун максаттуулугу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

"Текшерүүнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча, объектини куруудагы подрядчикти тандоодо КРнын «Мамлекеттик сатып алуулар» жана «Шаар куруу жана архитектура» боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдери бузулган. Тактап айтканда подрядчик менен келишим долбоорлоо-сметалык документтери жана мамлекеттик экспертизасы жок түзүлгөн. Жыйынтыгында курулушка кетүүчү чыгымдар башында белгиленген 480 миллион сомдон 1 млрд. 584 млн. сомго чейин көтөрүлүп кеткен. Ошондой эле курулуш иштеринин көлөмүн 10 млн. сомдон ашык өлчөмдө жасалма түрдө жогорулаткан фактысы аныкталды. Ошол эле мезгилде 144 млн. сом каражаттын финансылык отчеттуулугу боюнча документтери жок болуп чыкты",-деп айтылат маалымата.

Республикалык сертификация борборунун сыноо лабораториясынын экспертизасына ылайык, 31 млн. 398 миң сом коротулган жолго төшөлгөн асфальт нормативдик талаптарга жооп бербейт жана эксплуатациялык мөөнөттөрдүн аягына чейин чыдай албайт.

Мындан сырткары 8 млн. 244 миң сомго жасалган темирден жасалган ферма долбоорго ылайык салынган эмес жана аны курууда курулуш эрежелерин бузуулар аныкталды.

Обьектидеги өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуда КР Өзгөчө кырдаалдар миинистрлигинин эсебинен өткөзүлө турган иштер үчүн 9 млн. 737 миң сом өлчөмүндө каражаттар мыйзамсыз колдонулган фактысы такталды.

Учурда тиешелүү текшерүү иш-чаралары улантылып жатат жана аудит иштеринин жыйынтыгы менен материалдарга юридикалык баа берилет.

Пикир

Оставить комментарий