• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шопоков шаарында мунай базасынан өрт чыкты

Кырсык 0


Бишкек, 20.06.23. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында мунай базасынан өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө 4 күжүрмөн эсеп жана 2 ыкчам топ тартылган.

Ал эми "Кыргыз темир жолу" ишканасынан маалымдашкандай, ведомствого тиешелүү объектилерде ( бекет, темир жол ) өрт чыккан жок.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, бекетке жакын жайгашкан тилкеден өрт чыккан. Ишкана өрт өчүрүүчү поездди кошумча өрт өчүрүүгө күч, каражат катары жардамга жөнөттү.

ӨКМден белгилешкендей, тилсиз жоону өчүрүүнүн жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.

Видео Николай Гладковдуку

Пикир

Оставить комментарий