• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Куткаруучулар Ак-Буура дарыясынан 18 жаштагы баланын сөөгүн алып чыгышты

Кырсык 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда 7-июнь күнү Ак-Буура дарыясына 2002-жылы туулган бала түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 8-июнь күнү саат 05:30да издөө иштерине Кара-Суу райондук №25 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий