• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда дем алышта 16 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 3, Чүй облусунда 6, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 20 күжүрмөн эсеп тартылган.

Алсак, Сокулук районунун Ак-Ордо конушундагы Ордо көчөсүндө турак үйдүн короосунда “Хонда-Аккорд” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылында жалпы аянты 450 чарчы метр болгон Түндүк-Чыгыш бажысынын жыгач устундуу калай жабылган чатыры, от жагуучу бөлмө, ток берүүчү генератор, аликабонд менен капталган сырткы жасалгасы, эшик, терезелер, толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен шаарындагы Курманжан-Датка көчөсүндө турак үйдүн 40 чарчы метр ашкана жана жуунучу бөлмөсү күйгөн. Өрттүн натыйжасында: 1979-жылы туулган Н.А. аттуу эркек киши жабыркап, 1-даражадагы күйүк алган. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий