• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бир жумада 37 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Бишкекте 13-январдан 19-январга чейинки аралыкта 5 миң 380 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 37 айдоочу мас абалга колго түшсө, 43 киши тиешелүү документи жок рулга отурган.

Андан тышкары:
- транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүү - 27;
- жөө жүрүүчүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузуусу - 124;
- мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу - 1 146;
-башка эреже бузуулар - 3 328.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, 675 унаа айып короосуна киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий