• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акыл-эсинен жабыркаган өспүрүмдүн жакындары табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Акыл-эсинен жабыркап жоголуп кеткен Медер аттуу өспүрүмдү кечээ туугандары алып кетишкен. Бул тууралуу Бишкек шаарынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Карылар үйүнүн директору Эркингүл Абдылдаеванын айтуусунда, Медердин туугандары келишип өспүрүмдү алып кетишкен жана балага көрсөтүлгөн бардык жардам үчүн ыраазычылык билдиришкен.

Карылар үйүнүн администрациясы тарабынан Медер үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 9-октябрь күнү Ленин райондук милиция кызматына кайдыгер эмес аял Медерди жетелеп келген. Бул окуянын чоо-жайын билүү максатында бала жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери жана баланын ден-соолугун текшерүү үчүн тез жардам кызматкерлери чакырылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында бала акыл-эсинен жабыркай тургандыгы аныкталган. Шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы өспүрүмдүн туугандары табылгыча аны карылар үйүнө жайгаштыруу чечимин кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий