• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык футболчу Эрнист Батырканов малайзиялык клубга өттү

Спорт 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчусу Эрнист Батырканов малайзиялык “Келантан Юнайтед” клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Батырканов малайзиялык клуб менен келишимге 22-январда кол койду. Ал аталган клубда бир сезон ойнойт. Буга чейин футболчу Канттагы “Абдыш-Ата” клубунда ойногон.

Эскерте кетсек, Эрнист Батырканов 2016-жылы алгач “Ала-Тоо Нарын” клубунда ойноп баштаган. Андан кийин “Дордой”, 2020-жылы казакстандык “Кызыл-Жар”, 2021-жылы армениялык “Ван” клубуна өткөн. Ал эми 2022-жылы “Абдыш-Ата” командасында ойной баштаган.

Пикир

Оставить комментарий