• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Денис Петрашов күмүш жана Жаштар олимпиада оюндары 2018ге лицензия утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 27-апрель /Айжамал Дуйшоева-кабар/. Сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча Беларусиянын ачык чемпионатында күмүш медаль жана Жаштар Олимпиада жайкы оюндары-2018 ге лицензия утуп алды. Бул тууралуу КРнын сууда сүзүү федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, чемпионат 26-29-апрель аралыгында Брестск сарайындагы 50 метр келген байссейнде өтүүдө. Аталган чемпионат 2017-жылы Венгрияда өтө турган сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпиондугу үчүн лицензиялык мелдеш болуп саналат.

Кыргызстандан эл аралык класстагы спорттун чебери Д.Петрашов катышууда. 100 метр бросс аралыгында финалдык сүзүүдө ал 1.03.35 жыйынтыгы менен эркектер арасында экинчи болуп келген.

Ошентип, кыргызстандык спортчу күмүш медаль эле эмес, Аргентинада өтө турган 3-жаштар Олимпиада оюндары-2018ге лицензия дагы утуп алды.

Пикир

Оставить комментарий