• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Волейбол боюнча өлкө чемпионатынын II этабы өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда волейбол боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын XVI чемпионатынын II этабы башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

5-февралда башталган мелдеш 11-февралга чейин созулат. Оюнга жогорку жана улуттук лиганын курама командалары катышып жатат.

Спорттук иш-чаранын ачылышына Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы “Жаштык” дирекциясынын директору Урмат Асанбаев, Кыргызстандын волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев жана атайын чакырылган коноктор катышты.

Пикир

Оставить комментарий