• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Жоокер" оюндары федерациясы Суусамыр өрөөнүндө алгачкы бет ачарын өткөрдү

Спорт 0

Бишкек, 23.07.18./Кабар/. “Жоокер” оюндары федерациясы Суусамыр өрөөнүндө өзүнүн алгачкы бет ачарын өткөрдү. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, федерация 2018-жылдын башында ишкер Нурмухамед Миӊбаев тарабынан негизделген.

““Эр сайыш”, “Кыз куумай”, “Тыйын эӊмей”, “Ат үсүтүндө эркин ойноо”, “Жалын чачуу, өрттөнүү же жигитовка”, “Улак тартуу”, “Жаа тартуу”, “Күрөш” жана башка оюндардын түрлөрү болду”, -деп айтылат маалыматта.

Федерациянын башкы максаты - элибиздин улуттук жоокердик оюндарын өнүктүрүү, даӊазалоо, дүйнөгө таанытуу.

Ошондой эле элдик, улуттук баалуулуктарды урпактарга жеткирүү менен Мекенди сүйүүгө патриоттуулукка тарбиялоо, улуттар аралык биримдикти чыӊдоо.

Иш-чаранын ачылышына 50гө жакын каскадерлер келип, өздөрүнүн укмуштуудай оюндарын көрсөтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий