• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бажы кызматкери Кыргызстандын сумо боюнча чемпионатында жеңишке жетти

Спорт 0

Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Алмаз Эргешов сумо боюнча өлкө чемпиону болду.

Кыргызстандын сумо күрөшү боюнча чемпионаты 11-августта Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын аянтында өттү. Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан ар кандай салмакта 80ге жакын балбан катышты.

Алмаз Эргешов 115 килограммдан жогорку салмакта жеңишке жетип, үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Японияда өтө турган сумо күрөшү боюнча дүйнө жана Азия чемпионатына жолдомо алды.

Алмаз Эргешов Кыргызстандын беш жолку чемпиону, Азия чемпионатынын эки жолку жеңүүчүсү жана спорттун бул түрү боюнча көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Пикир

Оставить комментарий