• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Эми “Түндүк” тиркемесинен салык карызы тууралуу маалымкат алууга болот

Коом 0

Бишкек, 11.05.24. /Кабар/. Эми “Түндүк” мобилдик тиркемесинде мүлк салыгы (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк) STI-19 жана салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча STI-20 карызынын жок же бар экендиги жөнүндө маалымкат алууга болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Ведомстводон белгилешкендей, ошондой эле муну менен бирге жарандардын ынгайлуулугу үчүн Мамлекеттик салык кызматынын 2 жаңы маалымкаты интеграцияланды, эми бул маалымкаттарды онлайн режиминде алууга мүмкүн.

Жаңы кызмат көрсөтүүлөр жарандарга маалымкаттарды алуу үчүн мамлекеттик органга кайрылууга убакыт коротпоого мүмкүндүк берет.

Күбөлүк Мамлекеттик салык кызматынан “Арыз – жооп” ыкмасы боюнча берилет.

Арызды кароо мөөнөтү 2 жумушчу күнгө чейин созулат.

Пикир

Оставить комментарий