• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жамал Сейдакматова: “Ыйманды пропагандалабай туруп, маданиятка жетише албайбыз”

Коом 0

Бишкек, 18-май /Кабар/. Парламенттик радионун 17-майдагы "Күндүн тартибинде" программасында 2017 - жылдын “Ыйман, адеп жана маданият” деп жарыялангандыгына арналган уктуруу болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымат боюнча, түз эфирге чакырылган меймандар Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, актриса Жамал Сейдакматова менен “Эрдик-Подвиг” коомдук фондунун жетекчиси Каныбек Мырзаканов.

“Ыйман менен маданият – бири-биринен ажырагыс сөздөр. Ыйманды пропагандалаган бул – маданият болуп эсептелет. Тилекке каршы, бүгүн ыймансыздар көбөйдү. Анын себебин ааламдашуу процессинен көргөндөр бар. Ошентип, бул - чет өлкөлөргө таасирленгендиктин жыйынтыгы окшойт” – деген оюн билдирген Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова мамлекеттик тилдин ролуна дагы токтолду.

“Эне тилди кадырлоо жогору жактан берилген буйрук менен толук жашап кете албайт. Андыктан, тилди адегенде үй-бүлөлүк турмушта колдонгондо гана анын таасири артат. Кийинки муундун тарбиясына да тилдин пайдасы тиет. Кыргыз эли кандай бир керемет сөздөрдү колдонуп, кемчилик кеткен учурлар болсо да кишинин бедел-баркына шек келтирбей, кемсинтпей айткан тарбиялык накыл кептерге бай кеменгер калк. Тилибиз менен улутбуз. Ушуну унутпашыбыз керек”,- дейт атактуу актриса.

Уктурууга катышкан “Эрдик-Подвиг” коомдук фондунун жетекчиси Каныбек Мырзаканов: “Көп учурда ыйманды дин менен байланыштырышат. Ал бир чети туура, бирок Меккеге бараардын алдында Мекенге эмне кылдым?- деп элдин алдындагы парзды таразалап алуу керек. Себеби, ыйман бул - Мекенди сүйүүдөн башталат” – деди.

Ошондой эле ал адеп жылында баалуу иштерди аткарууну моюнга алгандыгын айтты. 2010-жылы негизделген “Эрдик-Подвиг” коомдук фонду Улуу Ата Мекендик согушта дареги дайынсыз калган жоокерлерди издеп –табууда 1367 жоокердин дарегин аныктап, издеп жүргөн туугандарына кабарланган. К.Мырзаканов: “Бизге тынчтык жашоону тартуулаган аталарыбызды сыйлабасак, эрдигин даңтабасак, өзүбүздү ыймандуу деп айта албайбыз” – деген пикирин айтып, - “Ыймандуулук бул өткөндү сыйлап, учурду урматтап, келечекти кадырлоо”,- деди.

Пикир

Оставить комментарий