• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

С.Жээнбеков жумуш сапары менен Нарын облусуна барат

Өкмөт 0

Бишкек, 18-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков республиканын аймактарына болгон жумуш сапарын улантат. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, өкмөт башчы бүгүн, 18-майда бир күндүк жумуш сапары менен Нарын облусуна барат. Жумуш сапардын алкагында «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышат. Өкмөт башчы бир катар инфраструктуралык, социалдык жана айыл чарба объекттеринин ишмердүүлүгү менен таанышып чыгат. Тактап айтканда Кочкор районунун Кочкор айылындагы мал соючу цехтин жана Жумгал районунун Табылгыты айылындагы ветеринардык клиниканын абалы жана аткарып жаткан иштеринен кабар алат.

Мындан сырткары Сооронбай Жээнбеков Кочкор районундагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү жана Баш-Кууганды айыл аймагындагы суткалык жөнгө салуу бассейнинин мүмкүнчүлүгү, Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы бассейндин курулуш долбоору менен таанышат.

Ошондой эле Премьер-министр Кочкор районунун Чекилдек айылындагы жана Жумгал районунун Чаек айылындагы орто мектептин курулушу менен таанышат.

Пикир

Оставить комментарий