• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы мамлекетке 143 млн сом кайтарды

Коом 0

Бишкек, 09.01.20. /Кабар/. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы (ЭКККК) мамлекеттик бюджетке 143 миллион сомдук чыгымдын ордун толтуртуп берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЭКККК Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган "Ц." ЖЧКсына карата салыкты жашырып коюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүшүн ишке ашырды.

Натыйжада салыгын жашырган ишкана 8-январь күнү аймактык казначей бөлүмү аркылуу мамлекеттик бюджетке 93 миллион 283 миң сом төлөп берди. Ошондой эле Бирдиктүү депозиттик эсепке 50 миллион сом төлөгөн.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматынын ишинин жыйынтыгында мамлекеттик бюджет 143 миллион сомго толтурулду.

Пикир

Оставить комментарий