• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүн базарында кайгуул кызматкерлери адашып кеткен 7 жаштагы баланы таап беришти

Коом 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Бишкектин Аламүдүн базарында кайгуул кызматкерлери адашып кеткен 7 жаштагы баланы таап беришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 12-апрелде саат 15:30дар чамасында “102” кызматына Салиев жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде өспүрүм жоголгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаган. Анда 7 жаштагы Т.Э., аттуу өспүрүм жоголуп кеткендиги жана жакындары аны издеп жаткандыгы аныкталган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, Аламүдүн базарынан адашып жүргөн баланы таап, апасына аман-эсен жеткирип беришкен.

Пикир

Оставить комментарий