• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамстратегиянын долбоору талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Бүгүн 2025-2030-жылдарга карата Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын долбоорун жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планын талкуулаган жыйын болуп өттү.

Отурумга президенттин администрациясы, Башкы прокуратура, Жогорку Кеңеш, укук коргоо жана мамлекеттик органдар, көз карандысыз эксперттер, ошондой эле илимий, бизнес жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, стратегиянын долбоорунда коррупциянын алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин колдонуу, ага каршы күрөштү күчөтүү жана анын кесепеттерин жоюу, коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүү, ченемдик укуктук актыларды жана алардын долбоорлорун коррупцияга каршы экспертизадан өткөрүүнүн укуктук механизмдерин киргизүү, коррупциянын алдын алуу боюнча мамлекеттик институтту өнүктүрүү, мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу, санариптештирүү шартында коррупцияга каршы күрөшүү, мамлекеттик каражаттарды башкаруу системасын өркүндөтүү, ишкердик субъекттерди коргоо, жарандардын мамлекеттик бийлик органдарына болгон ишенимин жогорулатуу, жарандык коомдун ролун күчөтүү, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү каралган.

Жолугушуунун жыйынтыгында стратегияны ишке ашыруунун механизмдери, мониторинги жана баалоосу аныкталды.

Тегерек столдун катышуучулары коррупцияга каршы системалуу иш-чаралардын комплексин ишке ашыруунун натыйжасында Кыргызстанда коррупцияны минималдаштырууда туруктуу натыйжаларга жетишүүгө негиз түзүлөөрүн белгилешти. Ал үчүн стратегиялык документти кабыл алуунун маанилүүлүгү жогору экенин кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий