• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров агроөнөр жай секторунун өкүлдөрү менен актуалдуу маселелерди талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Агродиалог-2024" агрофорумуна катышты.

Иш-чаранын алкагында өлкөдө айыл чарбасын өнүктүрүүнүн негизги аспектилери, инновациялык технологияларды киргизүү, айыл чарба продукциясынын өндүрүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, агрардык сектордо туруктуу практикаларды өнүктүрүү жана башка актуалдуу маселелер талкууланды.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өкмөт айыл чарба тармагын туруктуу өнүктүрүү жана бекемдөө, атамекендик айыл чарба продукциясын сатуу рыногун издөө жана аныктоо, аны сертификациялоо боюнча пландуу иштерди жүргүзүп жатканын баса белгиледи.

"Биз айыл чарбасына жаңы методикаларды, технологияларды активдүү киргизип, жогорку түшүмдүүлүк көрсөткүчүн берген сапаттуу үрөндөрдү колдонушубуз керек. Эң негизгиси, фермерлер кайра иштетүү тармагындагы ири өндүрүштөр, мындайча айтканда, бул чөйрөдөгү "чемпиондор" менен кызматташып, биригип, биргелешип иштеши зарыл. Ошондо экспорт үчүн айыл чарба продукциясынын тийиштүү көлөмү болуп, ар бир тарап утушка ээ болот. Биз дыйкандарды каржылоого даяр турган мамлекеттик банктарды капиталдаштырдык. Ирригация үчүн бардык керектүү техника менен камсыз кылууга даярбыз. Эң негизгиси – дыйкандардын эффективдүү биргелешкен иши. Фьючерстик келишимдерге да көнүү керек. Мындан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча программанын алкагында биз аларга брокколи, помидор өстүрүүнү, тоок багуу менен алектенүүгө үйрөтөбүз, бул келечекте акча каражат табууга мүмкүндүк берет", - деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий