• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинин төрагасы БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлүн кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 09.10.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын жаңы дайындалган туруктуу өкүлү Александра Соловьеваны кабыл алды.

Жолугушуу министрлер кабинетинин төрагасынын Александра Соловьеваны БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү кызматына дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтерди жана жемиштүү миссияны каалоо менен башталды.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, өлкө эгемендүүлүккө ээ болгондон бери Кыргызстан БУУнун Өнүктүрүү программасынын реформаларды, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын илгерилетүүдөгү туруктуу колдоосун сезип келе жатат жана “бул өз ара аракеттенүүнүн ийгиликтүү натыйжасы өлкө олуттуу Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруудагы прогресс, БУУга мүчө 166 мамлекеттин ичинен 45-орунда.

Мындан тышкары, ал өлкөнүн президенти башында турган Кыргызстандын делегациясынын Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалык иш-чараларына катышуусунун жыйынтыктарын белгиледи, ошондой эле бир катар мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуулар болуп, анда Кыргызстандын тышкы карызын жашыл демилгелерге алмаштыруу, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелери активдүү талкууланганын белгиледи.

Акылбек Жапаров БУУнун Өнүктүрүү программасынын Бишкектеги кеңсесин өлкөнүн тышкы карызын кечүү боюнча иштерди координациялоого, жашыл долбоорлорго жана жаңы демилгелерге каржылоону тартууга активдүү көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Өз кезегинде Александра Соловьева өлкөдө туруктуу өнүгүү максаттарынын аткарылышын жогору баалап, өзгөчө Кыргыз Республикасын өнүктүрүү пландарына жана программаларына туруктуу өнүгүү максаттарынын индикаторлорунун киргизилгендигин белгиледи.

Ал белгилегендей, жакырчылыкты кыскартуу жана коопсуз чөйрөнү эске алуу менен туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү БУУнун Өнүктүрүү программасынын мандатынын борбордук бөлүгү болуп саналат.

Александра Соловьева БУУнун Өнүктүрүү программасы мындан ары жашыл экономиканы, тоо жана климаттын күн тартибин, айлана-чөйрөнү коргоону илгерилетүү боюнча демилгелерди ишке ашырууда өлкөнүн ишенимдүү өнөктөшү болоорун белгиледи, ошондой эле БУУнун Өнүктүрүү программасы мындан ары “өлкөнүн өкмөту тарабынан коюлган милдеттерге кирген улуттук долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө даяр” экенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар БУУнун Өнүктүрүү программасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн мандаты алкагында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү биргелешкен активдүү ишти улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий