• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министрлер кабинети Эне жана баланы коргоо улуттук борбору жөнүндө жобону бекитти

Өкмөт 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Министрлер кабинети Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору жөнүндө жобону бекитти. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Документ саламаттыкты сактоо системасындагы илимий ишмердүүлүктү өркүндөтүү максатында кабыл алынган.

Эне жана баланы коргоо улуттук борбору жогорку технологиялык жабдууларды, илимдин алдыңкы жетишкендиктерин пайдалануу, жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу жана фундаменталдык жана прикладдык медицина тармагында дарылоо-профилактикалык иштерди жүргүзүү менен акушердик-гинекология, неонатология, педиатрия жана балдар хирургиясы жаатында адистештирилген саламаттык сактоону камсыз кылуучу, жүргүзүүчү мекеме болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий