• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жерге мунапыс берүү боюнча комиссиялар ишин улантууда

Коом 0

Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Бишкекте жерге мунапыс берүү боюнча комиссиялар ишин улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Свердлов райондук комиссиясында 47 материал каралып, 18 арыз боюнча оң чечим кабыл алынып, анын ичинен 29 материал "Бишкекбашкыархитектурага" шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн жиберилген.

Биринчи май райондук комиссиясында 36 материал каралып, анын ичинен 7 арыз боюнча оң чечим кабыл алынып, 11 арыз тиешелүү кызматтарга кошумча изилдөөгө жиберилген, 17 материал "Бишкекбашкыархитектурага" шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн жиберилген.

Белгиленгендей, документтер күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Туңгуч 57, (Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментинде) кабыл алынат. Байланыш телефондору: 0312 979297, 0312 97 94 54.

Пикир

Оставить комментарий