• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

9 айда “102” кызматына жарым миллиондон ашык чалуу түшүп, 800 ашык укук бузуунун бети ачылган

Коом 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-октябрда ИИМдин Борбордук аппаратында Коомдук кеңештин ачык отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, кеңештин төрагасы Ялкун Даутов, ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Виктория Уметбаева, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары Алмаз Батырбаев, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын начальнигинин орун басары Азамат Токтоналиев, андан сырткары ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү катышты.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

- ички иштер органдарын санариптештирүү боюнча иштер менен танышуу;

- Санариптештирилген командалык борбордун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат;

- ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ишмердүүлүгү.

Иш-чаранын алдында Коомдук кеңештин мүчөлөрү ИИМде жасалган реформалык өзгөрүүлөрдүн жыйынтыктары менен таанышып чыгышты. Алар расмий делегациялар менен жолугушууларды жана онлайн конференцияларды өткөрүү үчүн эл аралык кызматташтык залы, акылдуу камералар аркылуу өлкөнүн бардык райондорунда жана шаарларында эл көп чогулган жерлерде кырдаалды онлайн режиминде көзөмөлдөп турган ыкчам көзөмөлдөө жана координациялоо борбору, ошондой эле ИИМдин басма сөз кызматынын жаңы пресс-борбору жана жыйындар өтүүчү чоң залдын жаңы форматтары менен таанышып чыгышты. Коомдук кеңештин мүчөлөрү өздөрүн кызыктырган актуалдуу суроолоруна жооп ала алышты.

Андан соң отурумду Коомдук кеңештин төрагасы Ялкун Даутов ачып, катышуучулар күн тартибинде карала турган маселелер менен таанышышты. Алгач өз баяндамасы менен ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Виктория Уметбаева чыкты.

Ал Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын негизги максаты-иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды киргизүү жана колдонуу экенин белгиледи. "

"2018-2021-жылдар аралыгында мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн “Бирдиктүү терезе” режиминде иштеген 7 борбор (Чүй ОИИББи, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарынын ИИБдери) жана ушул сыяктуу 30 пункт (Жайыл, Ала-Бука, Токтогул, Алай, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Кадамжай, Лейлек, Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Тоң, Ак-Суу, Түп, Кара-Буура, Манас, Бакай-Ата, Талас, Ноокен, Араван райондорунда, Токмок, Каракөл, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Балыкчы шаарларынын ички иштер бөлүмдөрүндө) ачылды.

Борборлор Кыргызстандын аймагында адамдын соттолгондугу бар же жоктугу жөнүндө тактамаларды беришет, куралдарды алууга, алып жүрүүгө жана сактоого уруксат берүүчү документтерди, атайын транспорт каражаттары менен кооптуу жана жарылуучу жүктөрдү коштоп жүрүүгө жана ташууга уруксат берүүчү документтерди кабыл алып, уруксаат беришет. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө, КР аймагында соттолгондугу бар же жоктугу жөнүндө тактамаларды апостилдөө боюнча кызмат көрсөтөт", - деди ал.

Мындан тышкары, Абасканова белгилегендей, Кыргызстандын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө, соттолгондугу бар же жоктугу жөнүндө тактама берүү түрүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүү, ошондой эле электрондук форматта, Мамлекеттик электрондук кызматтардын порталы аркылуу көрсөтүлөт (https: //portal.tunduk.kg). 2019-жылдын 1-январынан баштап республиканын ички иштер органдарынын бардык аймактык бөлүмдөрү “Бузуулардын бирдиктүү реестри” жана "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалымат тутумуна кошулган.

"КР ИИМдин Борбордук аппаратынын колдонуучулары маалыматтык тутумдар, корпоративдик тармактар, жумушчу станциялар менен иштөөсү үзгүлтүксүз күнү-түнү камсыздалат. Борбордук аппаратына кирүүнү көзөмөлдөө жана башкаруу тутуму орнотулган”, - деди Виктория Абаскановна.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары Азамат Батырбаев ИИМдин Санариптештирилген командалык борборунун иши жөнүндө сөз кылып жатып, борборду түзүүнүн максаты жарандардын коопсуздугу, жол коопсуздугу үчүн жүздөрдү аныктоо жана таануу менен коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө, жарандардын билдирүүлөрүнө жана арыздарына аракеттенүүнү күчөтүү, кылмыштардын жана жоруктардын бетинин ачылышын жогорулатуу болгондугун белгиледи.

Ал белгилегендей, борбордо коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында эл көп чогулган жерлерге 60 видеокамера орнотулган, анын ичинен 20сы жүздү аныктоо функциясы менен, 20 жөнөкөй жана 20 панорамалык видеокамералар.

“КР Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы “Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” чечимин ишке ашыруу максатында, ИИМ жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын санариптештирилген командалык борборунун күчү менен облустарда 40 видеокамера орнотулуп, 40 видеокамера онлайн режиминде көрүү үчүн борбордун имаратына киргизилген. Анын жардамы менен видеобайкоо операторлору тарабынан 2021-жылдын 25-майынан ушул күнгө чейин 55 укук бузуу аныкталган.

2021-жылдын 9 айында Бишкекте видеокамералардын жардамы менен Борбордун операторлору 848 кылмыштарды, жоруктарды жана укук бузууларды аныктап, бетин ачышкан. Борбордун кызматкерлери “Коопсуз шаар” долбооруна кирүү мүмкүнчүлүгү бар, Бишкектин 38 кесилишинде 319 тышкы видео байкоо камералары орнотулган, алар онлайн режиминде жеткиликтүү (ар бири 6дан 10 камерага чейин).

Борбор ачылгандан бери, 2019-жылдын 31-октябрынан азыркы учурга чейин жогорудагы видео байкоо камералары Бишкек шаарынын райондук ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн 55 адамдын (2021-жылдын 9 айында 13 издөөдө жүргөн) жүзүн таанып, кармоого жардам берген.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Санариптештирилген командалык борборуна “102” кызматы аркылуу 2021-жылдын 9 ай ичинде 507 миң 908 чалуулар кабыл алынган. Алардын ичинен маалыматтык мүнөздөгү - 432 миң 991, маалыматтарды каттоо электрондук журналына - 84 миң 802, кылмыштар жөнүндө билдирүүлөр - 15 миң 359 болгон”, - деди Азамат Батырбаев.

Андан соң ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын начальнигинин орун басары Азамат Токтоналиев өзүнүн баяндамасы менен чыгып, ИИОнун кызматкерлери уюшкан кылмыштуулуктун 166 субъектисин ар кандай фактылар (киши өлтүрүү, опузалоо, адам уурдоо, тоноо, каракчылык, автомототранспорт каражаттарын уурдоо, алдамчылык, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу, бейбаштык, уурулук, курал-жарактарды, баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо ж.б. кылмыштар) боюнча кармашканын белгиледи. "Алар учурда кылмыш жоопкерчилигине тартылууда. Кармалган адамдардан 4 даана ок атуучу курал жана 12 даана ок алынган”, - деди Токтоналиев.

Ошондой эле, жолугушуу суроо-жооп форматында уланды. ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү кызыктырган суроолорун беришип, ички иштер органдарынын ишин жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарды айтып өтүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов Коомдук кеңештин мүчөлөрү милиция кызматкерлерине жарандар менен иштешүүдө реалдуу жардам көрсөтүп жаткандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий