• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

3-августтан тарта "Унаа" ишканасынын бир катар бөлүмдөрү ишин жандандырат

Коом 0

Бишкек, 01.08.20. /Кабар/. 3-августтан тарта "Унаа" ишканасынын карантинге жабылган бир катар бөлүмдөрү ишин жандандырат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Каттоо кызматынан белгилешкендей, Сокулук-Москва, Чүй-Кемин, Аламүдүн, Ысык-Ата, Балыкчы, Каракол, Талас аймактык бөлүмдөрү жана Бишкек шаардык бөлүмдүн Лебединовка айылында Победа проспектиси 121Б дарегинде жайгашкан бөлүмчөсү, Кызыл-Кыя шаарында Масалиев көчөсүндө жайгашкан Баткен аймактык бөлүмү жана Баткен аймактык бөлүмдүн Баткен шаары Раззаков көчөсү 77 дарегиндеги Баткен сектору 3-августтан тарта кайра иштей баштайт.

Белгилей кетсек, аталган бөлүмдөр өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу карантинге жабылган.

Пикир

Оставить комментарий