• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жайыл районунда аймактык оорукананын аянты кеңейтилип, бала бакча оңдоодон өттү

Коом 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Жайыл районунда аймактык оорукананын аянты кеңейтилип, бала бакча оңдолду. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен (АРИС) билдиришти.

АРИС ишке ашырып келген КР министрлер кабинети, Ислам өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фонду тарабынан каржыланган “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Чүй облусунун Жайыл районундагы бириккен аймактык оорукананын реанимациялык бөлүмүнүн шарты жакшыртылып, Калининское айылындагы “Алёнушка” бала бакча толук ремонттолду.

Реанимациялык бөлүмдүн аянты кеңейтилип, бейтаптарга жана персоналдын иштешине жакшы шарттар түзүлдү. Кошумча курулманын жалпы аянты 306 чарчы метрди түзөт. Имаратта жаңы суу түтүктөрү жана канализация тармагы өткөрүлгөн, реанимация бөлүмүндө желдетүү системасы орнотулуп, 20 метрден ашуун узундуктагы эстакаданын кире бериши асфальтталды.

Реанимация бөлүмүн хирургиялык корпуста жайгаштыруунун аркасында бөлүмдөрдүн жана диагностикалык кабинеттердин ортосунда оперативдүү өз ара байланыш пайда болду. Реанимация бөлүмүндө операциялык кабинет жана 9 койка оруну бар, алар керебеттин жанындагы мониторлор жана кычкылтек концентраторлору менен жабдылган. Ошондой эле кычкылтек станция, жасалма дем алдыруучу аппарат жана башка зарыл жабдуулар каралган. Жаңы реанимация бөлүмүнүн штаты 40 адамдан турат. Объекттин жалпы наркы 7 833 023 сомду түздү.

Жайыл районунун бириккен аймактык ооруканасы өлкөдө биринчилерден болуп электрондук саламаттык сактоонун элементтерин киргизгенин белгилеп кетүү керек. Азыркы учурда медициналык жамаат оорулууларды тейлөөдө бейтаптын электрондук картасын жана дары-дармектин электрондук тизмегин колдонуп жатат.

Мындан тышкары, Жайыл районунун Калининское айылындагы «Аленушка» балдар бакчасы толук оңдоодон өттү. Балдар бакчасынын имаратында 40 жыл аралыгында бир да жолу оңдоо жүргүзүлгөн эмес.

Оңдоо маалында 3175 чарчы метр жерде эски шыбакты сыйрып салуу жана шыбоо иштери аткарылган. Суу түтүктөрүнүн жаңы тармагы өткөрүлгөн жана жаңы канализациялык тармак жасалган. Чатырдын 1150 чарчы метр аянты толук алмаштырылды. Колдонуудагы бардык эски терезелер менен эшиктер жаңы металл-пластиктерге алмаштырылды. Имараттын жалпы аянты - 1200 чарчы метрди түзөт.

Объекттин жалпы наркы 9 969 308 сомду, алардын ичинен донор 9 629 842 сом өлчөмүндөгү грантты бөлдү, ал эми айылдык аймактын салымы 339 466 сомду түзгөн.

Маалымат үчүн: “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоору Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылып келет. Долбоордун максаты – жакырчылыкты жоюу жана коомчулуктарда аялдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу. Долбоордун бюджети 11 млн АКШ долларды түзүп, ишке ашыруу мөөнөтү 2017-2021жылдар.

Пикир

Оставить комментарий