• 88.68
  • 95
  • 0.95

Күздө Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү ишкана курула баштайт

Коом 0


Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. 2023-жылдын октябрь айында Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу башталат. Бул тууралуу Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров “Кабар” агенттигине берген чакан маегинде билдирди.

Анын айтымына караганда, бул масштабдуу долбоорду Чехиянын HDT Impex компаниясы колго алды. Компания курулуш менен гана алектенбестен, Кыргызстандын борборунда таштандыга каршы кампания жүргүзүүнү пландап жатат.

Мэр кошумчалагандай, учурда техникалык-экономикалык негиздеме иштелип жатат, жол картасына ылайык, заводдун курулушунаушул жылдын октябрында капсула салуу пландалууда. Объект эки жылдын ичинде полигондун жанына курулууга тийиш.

Пикир

Оставить комментарий