• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте баңгизаттардын ири партиясын таратуу схемасына бөгөт коюлду

Коом 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Бишкекте “Канал-Аракс” атайын операциясынын алкагында баңгизаттарды таратуу схемасына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, БМЖКККнын кызматкерлери Аламүдүн райондук милициясынын Тергөө кызматы менен биргеликте кызматтык-издөө итинин жардамы менен Бишкек шаарында 1974-жылы туулган М.Б. аттуу жарандын батирине тинтүү жүргүзүшүп, натыйжасында 1 кг 45 гр ооган тектүү “гашиш” баңгизат табышкан.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган М.Б. Бишкек шаарынын ИИББнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилип, соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган М.Б. баңгизаттарды “А” аттуу адамдан жолукпастан сатып алары, ал Чүй облусунун түзөтүү абактарынын биринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткандыгы белгилүү болгон.

М.Б. баңгизаттарды сатып алууда акчаны Бишкек шаарынын акча алмаштыруу пунктарынын бирине калтырып, ал эми баңгизаттарды белгисиз адамдар таштаган жерлерден алып жүргөн. Мындан тышкары, М.Б.нын баңгизаттын кийинки партиясын алуу үчүн Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлардын бирине 1 млн сом таштаганы маалым болду.

Ошентип, БМЖККК кызматкерлери Ош облустук милициясынын кызматкерлери менен биргеликте Ак-Буура дарыясынын жээгинен таштардын астынан күрөң түстөгү пластилинге окшош кара куурайдын жыты бар, полиэтилен пакеттерге оролгон жалпы салмагы 4 кг 115 граммды түзгөн баңгизаттарды табышкан.

Андан соң “А” аттуу абакта мөөнөтүн өтөп жаткан адам кармалган адам менен телефондук сүйлөшүдө кошумча 10 кг баңгизат каражатын сатып алууну сунуштап, ошол эле алмашуу бюросуна акчаны калтырууну өтүнөт.

Операциянын жүрүшүндө баңгизаттардын кезектеги партиясы үчүн 285 миң сом жана 2 миң доллары акча каражатын өткөрүп берүү учурунда Бишкек шаарындагы акча алмаштыруу пунктунун кызматкери Ж.М. аттуу жаран кармалган.

Пикир

Оставить комментарий