• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекке июлда жаңы автобустар алынып келет — мэр

Коом 0


Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Бишкекке июль айында жаңы автобустар алынып келе баштайт. Бул тууралуу Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымына караганда, быйыл Кытайдан 500 автобус алып келинсе, 2024-жылы дагы 500ү жеткирилет.

Мэр мындай мүмкүнчүлүк президент Садыр Жапаровдун 19-20-майда Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилгендигин кошумчалады.

Президент баштаган делегация мүчөлөрү Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарында жайгашкан «Zhongtong bus Holding Co., LTD» автобус чыгаруучу заводуна барышкан. Буга чейин бул заводдон Бишкек шаары үчүн газ кыймылдаткычтуу 120 автобустун партиясы сатылып алынган.

Алар борбордун жолдорунда сыноодон ийгиликтүү өткөндүктөн, бюджеттик каражаттардын эсебинен бул маркадагы автобустун дагы 1000 кошумча партиясын сатып алуу жана Бишкекке жеткирүү чечими кабыл алынган эле.


“Zhongtong bus Holding Co., LTD” компаниясы 1958-жылы негизделген жана 1971-жылы автобустарды чыгара баштаган, ал эми 2000-жылы Шэньчжэнь шаарында листингден (катталуу) ийгиликтүү өткөн. “Zhongtong Bus Holding Co., LTD.” компаниясы Кытайдагы эң алгачкы автобус өндүрүүчүлөрдүн бири. Бүгүнкү күндө компания Кытайдагы эң ири жана ийгиликтүү автобус өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат, ал автобус индустриясында «жашыл» технологияларды өнүктүрүүгө басым жасайт.

Пикир

Оставить комментарий