• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Спортчулар лицензиясыз калышты. Чолпон-Атада ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафону өттү

Коом 0

Бишкек, 15.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 15-майда Чолпон-Атадагы ат майданында ШКУнун Run the Silk Road Ысык-Көл IX эл аралык марафону өттү. Марафон XXII Олимпиада оюндарында коло медаль жеңген Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган.

Иш-чаранын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, ШКУнун башкы катчысынын орун басары Муратбек Азымбакиев, Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти, жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов катышты.

Спортчулар 42 чакырым 195 метр (марафон), 21 чакырым 97 метр (жарым марафон), 10 чакырым жана 3 чакырым аралыкка жүгүрүштү. Ошондой эле спорттук жарыштын алкагында 3 чакырымга скандинавиялык басуу каралган.

Марафондун максаты сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу, спорттук иш-чаралар аркылуу ШКУга мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөө, эл аралык достук, спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү, аймактагы күчтүү марафончуларды аныктоо.

Иш-чарага ШКУга мүчө 35 өлкөнүн жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынан болуп 3 миң жөө күлүк катышты.
42 чакырым 195 метр аралыкта кыз-келиндер арасында биринчи Мария Коробицкая (2:39:40) келсе, кийинки орундарга Дарья Маслова (2:44:52) жана Гүлшанай Сатарова (2:46:00) илинди. Ал эми эркектер арасында биринчи Илья Тапкин (Кыргызстан) – 2:27:44, экинчи Жоодарбек Кочконбаев (Кыргызстан) – 2:29:50, үчүнчү Шокиржон Маматкулов (Тажикстан) – 2:36:58 убакытта жүгүрүп келди.

21 чакырым 97 метр аралыкта кыз-келиндер арасында маарага биринчи украиналык Евгения Прокофьева (1:14.51), кийин өзбекстандык Сабина Талачева (1:27.58) жана кыргызстандык Юлия Фернас (1:36.36) келген. Эркектер арасында биринчи орунду кыргызстандык Нурсултан Кеңешбеков (1:06:31) ээлесе, кийинки орундарга Бердигул Айтай уулу (1:11:09) жана тажикстандык Акбаралиев Хасанджан (1:12:48) татыды.

ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунун нормативин аткарган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилмек. Бирок Олимпиада оюндарына баруу үчүн нормативди бир дагы жөө күлүк аткара алган жок. Ал үчүн 42 чакырым 195 метр аралыкта кыз-келиндер 2:16:30 секундда, эркектер 2:29:30 секундда маарага келиши керек эле.

Иш-чараны өткөрүүгө мамлекет тарабынан 12 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий