• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жогорку соттун судьясы Бактыгүл Аманалиева БУУнун Качкындар иштери боюнча өкүлү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку соттун судьясы Бактыгүл Аманалиева Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын (КЖКБ) Борбордук Азия боюнча өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Жолугушууга ошондой эле БУУ КЖКБнын Борбор Азиядагы өкүлүнүн орун басары Думитру Липкану, БУУнун Кыргызстандагы улуттук кеңсесинин башчысы Елена Гусева, ошондой эле укук маселелери боюнча адис Уулкан Айдарова катышышты.

Тараптар качкын макамын берүү боюнча соттук тажрыйбаны талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий