• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен: Кулунду айылындагы бала бакчанын курулушу 75%га бүттү

Аймак 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Баткен облусунун Кулунду айылындагы бала бакчанын курулушу 75%га бүтүп калды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, турак-жай коммуналдык чарба агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган бала бакчанын курулушу 2019-жылы башталган.

Эки кабаттуу жаңы бала бакчанын жалпы аянты 1336,0 чарчы метрин түзүп, билим берүү объектинин долбоордук кабаттуулугу 140 орунга эсептелген.

"Бүгүнкү күнгө карата объекттин курулуш даярдыгы 75 пайызды түзөт. Объектиде негизги курулуш жумуштары аягына чыкты, электр менен камсыздоо, жылытуу тармагы орнотулуп бүттү, суу менен камсыздоо жана канализация түтүктөрүн орнотуу толугу менен бүткөрүлдү.

Подряддык уюм тарабынан жыгач полдорду орнотуу, керамикалык плитка менен жабуу жана ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Майлап-сырдоого даярдыктар көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган объекттин наркы 55 млн 222 миң 300 сомду түзөт. Быйылкы жылы курулушту бүткөрүү үчүн 36 млн 818 миң сом бөлүнгөн. Долбоорду 2021-жылдын аягына чейин бүтүрүү жана колдонууга берүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий