• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Панфилов районунда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты курулуп, “Сай” каналы оңдолду

Аймак 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Чүй облусунун Панфилов районунда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты курулуп, “Сай” каналы оңдолду. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чаралар АРИС ишке ашырып келген КР министрлер кабинети, Ислам өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фонду тарабынан каржыланган “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

“Панфилов районундагы Чалдыбар айылындагы №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты 1968-жылы курулган жана авариялык абалда болгонуна карабастан Фрунзе айылдык аймагынын калкын тейлеп келген”, - деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы курулган имаратта дарыгерлердин бөлмөлөрү, вестибюль, каттоочу жай, кароочу бөлмө, процедуралык кабинеттер, ажатканалар, лаборатория, техникалык жайлар жана кампа каралган.

Имараттын аянты 4455 чарчы метрди түзөт жана кошумча курулма аянты 514 чарчы метр болгон тилкеде жайгашкан.

Объекттин жалпы наркы 18 591 232 сомду түздү, анын ичинен донор бөлгөн грант 18 129 742 сом, айыл аймагынын салымы 461 490 сомду түздү.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында Панфилов райондук суу чарба башкармалыгынын «Сай» чарбалар аралык каналын оңдоп, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Аталган канал 1949-жылы курулган жана жалпы узундугу 6,7 чакырымды түзөт. Каналда 6 даана гидротехникалык курулма, 6 даана гидропост жана 1 даана өткөөл бар. Сугат жерлердин жалпы аянты 2654 га. Мындан тышкары каналдан № 1, № 2 суу сактагычтар суу алат.

«Сай» чарбалар аралык каналында сугат сууларынын көп жоготуулары байкалып келген, мындан улам райондун дыйкандарына жана фермерлерине сугат суусу кечигип жана аз өлчөмдө жетчү.

Учурда каналдын 4 чакырымы бетондолду, калган 2,7 чакырымы таш менен төшөлөт (түбү жана капталдары таш менен күчөтүлөт). Жарлуу-Кайыңды дарыясынан секундасына 900 литр суу кирет, пайдалуу колдонуу коэффициенти 95-98%, сууну жоготуу максимум 0,2 %ды түзөт. Оңдолгонго чейин бул коэффицент 50%ды түзчү.

Долбоордун суммасы - 25 266 396 сом.

Маалымат үчүн: “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоору Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылып келет. Долбоордун максаты – жакырчылыкты жоюу.

Пикир

Оставить комментарий