• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Президент Жапаров: Келерки жылы чек арачылардын айлыгын жогорулатуу пландалууда

Президент 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. 2022-жылы чек арачылардын айлык маянасын жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров КР Улуттук Коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара кызматына аскердик техниканы тапшыруу аземинде билдирди.

Президент өз сөзүндө билдиргендей, мамлекет аскер кызматкерлерин татыктуу эмгек акы менен камсыз кылууга милдеттенет. «Сиздердин милдет - жарандарыбыздын коопсуздугун жана тынчтыгын камсыз кылуу», - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Эске сала кетсек, зооттолгон аскердик техниканын кырк даанасы КР УКМК Чек ара кызматынын өздүк курамын чыңдоо жана өлкөнүн мамлекеттик чек арасын бекемдөө үчүн мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча сатылып алынды.

Белгилей кетсек, өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу биздин жергиликтүү аймакка ылаыйыкталган жаңы аскердик техника ушунча санда толугу менен бюджеттик каражатка сатылып алынды.

Пикир

Оставить комментарий