• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жапаров менен Мирзиёев кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчылары чакан жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз-өзбек эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, азыркы абалы менен келечегин, натыйжалуу өз ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүү чараларын талкуулашты.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүк деңгээлин канааттануу менен белгиледи. Ал Кыргызстан менен олуттуу жана толук масштабдуу кызматташтыкка, ошондой эле бул максаттар үчүн бардык ресурстарды колдонууга даяр экенин айтты.

Шавкат Мирзиёевдин белгилешинче, эки өлкөнүн эли реалдуу натыйжаларды сезип, мамлекет башчылары сөздөн ишке өтүп жатканын көрүшү керек.

Тактап айтканда, Өзбекстан президенти белгилегендей, соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү жана бардык тоскоолдуктарды жоюу, биргелешкен ишканалардын санын элүүгө жеткирүү менен ишканалардын жана бизнес объектилердин ортосундагы кооперацияларды күчтөндүрүү, Кыргыз-Өзбек инвестициялык фондун түзүү, транспорттук потенциалды натыйжалуу пайдалануу, суу пайдалануу жана энергетика жаатында кызматташуу, чек ара маселелери ж. б.

Ал эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери биргелешкен иш-пландарын тактап, келишимдердин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө мамлекет башчыларына отчет берип турушу керектигин билдирди.

«Өзбек тарап эки бир тууган элдин өсүп-өнүгүшү үчүн биргелешкен жигердүү жана жемиштүү иштерди алып баруу ниетинде», — деп баса белгиледи Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн Өзбекстан менен эки тараптуу өз ара байланыштардын бардык тармактарында достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары ырааттуу өнүктүрүү тышкы саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири болуп кала берерин айтты.

Түзүлгөн тыгыз жана ишенимдүү байланыштардын, мамлекеттер ортосундагы түз жана үзгүлтүксүз диалогдун аркасында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө олуттуу динамика бар экендигин баса белгиледи.

Садыр Жапаров кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо иштериндеги прогрессти канааттануу менен белгилеп, сүйлөшүүлөрдү улантып, активдештирүү зарылдыгына токтолду. Эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамдаштырууну жыйынтыктоо мындан аркы достук мамилелерге жаңы дем берип, чек ара аймактарындагы туруктуулукту чыңдай тургандыгын кошумчалады.

«Кыргыз тараптын бардык көйгөйлүү маселелер боюнча конструктивдүү жана натыйжалуу диалогго даяр экендигине дагы бир жолу ишендирип өтөйүн. Биз биргеликте чек ара маселелеринде эки тарапка тең пайдалуу чечимге келе алабыз деп ишенем», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле, Кыргызстан соода-экономикалык кызматташууну ар тараптуу кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин билдирип, эки тараптуу соода жүгүртүүнү эки миллиард АКШ долларына чейин көбөйтүү максатында эки өлкөнүн рынокторунда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешип иштөөгө даяр экендигин айтты.

Мындан тышкары, ал биргелешкен инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн Инвестициялык фонду түзүү боюнча жетишилген келишимдерге канааттануу менен токтолду.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун деңгээлине канааттанып, билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатында кызматташууну мындан ары бекемдөөнүн маанисин чечмелеп берди.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын боордош мамиледеги эли үчүн эки тараптуу кызматташуунун жана өз ара байланыштардын комплексин өркүндөтүү боюнча биргелешкен аракеттер мындан ары да улантылат деген ишенимин билдирди.

Жыйынтыгында Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди Кыргызстанга жооп сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий