• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Парламенттик башкаруу башаламандыкка жана коомдогу туруксуздукка алып келди - саясат таануучу

Коом 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Парламенттик башкаруу формасы башаламандыкка, коомдогу туруксуздукка алып келди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине тарыхчы, саясат таануучу, коомдук ишмер Айнура Арзыматова билдирди.

Анын айтымында, президенттик башкаруу формасын өлкөнүн шайлоочуларынын 80%дан ашыгы колдоду. Ал 10 жылда парламенттик башкаруу формасы таптакыр иштей албай турганын көрсөттү деп белгиледи. Анткени, парламенттик башкаруу формасы башаламандыкка, коомдогу туруксуздукка алып келди.

“Ушундай парламенттик башкаруунун натыйжасында саясий партиялар диктаторлукка алынды жана ал саясий партиялар негизинен базаркомдор жана байлар болушту. Эң аягында парламентаризм бизде “кыргызча” болуп кетти. Кыргызстанда 10 жылдан ашык иштеген парламенттик башкаруу иштей албай турганын көрсөттү. Эл акыркы 10 жылда калыптанган социалдык маселелерди чечүү, экономиканы көтөрүү үчүн күчтүү саясий эркти талап кылат”,-деп эсептейт Арзыматова.

Пикир

Оставить комментарий