• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Соцфонддун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 05.05.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 9-мартында кабыл алынган.

Бул Мыйзамдын максаты КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктарын бекитүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий