• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто Сербиядагы турнирде алтын медаль уткан мушкерди салтанаттуу тосуп алышты

Спорт 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Белград шаарында (Сербия) өткөн бокс боюнча Эл аралык турнирде алтын медаль тагынды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, чемпионду мэриянын Дене тарбия жана спорт комитети Ош эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алды.

Эске салсак, 29-марттан 3-апрелге чейин Белград шаарында (Сербия) бокс боюнча Эл аралык турнир өткөн.

Спорттук иш-чарага 17 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын мушкерлери катышты. Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыгып, Армениядан келген Европа чемпионун жеңип, 57 килограмм салмакта бокс боюнча чемпион аталды.

Пикир

Оставить комментарий