• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бектен Эркебай уулу самбо боюнча дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болду

Спорт 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Бектен Эркебай уулу самбо боюнча дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу күжүрмөн самбо боюнча 88 кг салмак категорияда күч сынашты.

Бектен Эркебай уулу жалпы үч беттеш өткөрдү. Алгач марокколук жана египеттик балбанды жеңип, үчүнчү беттешинде беларустук балбанга жеңилип, 3-орунду ээледи.

Мындан сырткары, 98 кг жогоркулар арасында Бекболот Токтогонов менен Дайырбек Карыяев 79 кг салмакта күжүрмөн самбо боюнча алтын, Феликс Уланбеков 71 кг салмакта күмүш, 88 кг салмак категорияда Жамалбек Асылбек уулу жана күжүрмөн самбо боюнча 64 кг салмак даражада Саяк Бараканов коло байгеге ээ болгон.

Эскерте кетсек, мелдеш Бишкектин "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда 11-13-ноябрь күндөрү өтүп, Кыргызстандын атынан дүйнө чемпионатына 21 спортчу аттанган.

Чемпионаттын байге фонду 231 миң долларды түздү.

Пикир

Оставить комментарий