• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык Юлия Фернас триатлон боюнча турнирде коло медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 30.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык Юлия Фернас Казанда өткөн эл аралык Ironstar 113 Kazan 2019 Timerman Cup триатлонунда коло медаль жеңди. Бул тууралуу russiarunning.com. сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, турнир Казань (Татарстан) шаарында 27-28-июль күндөрү болгон. Триатлондо катышуучулар сууда 1,93 чакырым сүзүү, велосипедди 90 чакырым тебүү жана 21,1 километрди чуркоо керектелет эле.

Фернас аялдар арасында 35-39 жаш арасындагы категорияда күч сынашкан. Ал 5 саат 12 мүнөт 12 секундда маарага жеткен.

Пикир

Оставить комментарий