• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кытайдагы Пара Азия оюндарына катышкан спортчулар Бишкекке келишти

Спорт 0

Бишкек, 30.10.23./Кабар/. Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Пара Азия оюндарына катышкан спортчулар бүгүн Бишкекке кайтып келишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Мелдештен алдыңкы орундарды багындырган спортчуларды маданият министри Алтынбек Максутов жана алардын жакындары тосуп алышты.

Министр өз сөзүндө спортчуларга өлкө намысын татыктуу коргоп, чоң жеңиштер менен кайтып келиши менен чын жүрөктөн куттуктады.

Ал өз сөзүндө спорт ар бир адамдын ден-соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга да дем күч берет. Биздин коомдо ар бир жаранга өзү жакшы көргөн спорт түрү менен машыгууга шарттар түзүлүп, укуктары камсыздалышы керек.

"Пара спорт – биздин коомдун ажырагыс бөлүгү. Кыргызстанда башка спорттун түрлөрү менен бирге пара спортту өнүктүрүү мамлекеттик саясат болуп саналат. Спортчулардын күнүмдүк көйгөйлөрүн чечилишине мамлекет тарабынан көптөгөн аракеттер жасалып жатат. Пара спорттун өнүгүшү, Сиздердин жеңишиңиздер балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын спорт оюндарына кызыгуусун арттырууга чоң түрткү берет.

Биздин спортчулар жана пара спортчулар эл аралык ареналарда өлкө намысын татыктуу коргоп, жыл сайын жеңиш менен келе жатасыздар. Олимпиадаларда, Дүйнө чемпионаттарында, Азия оюндарында жана башка эл аралык турнирлерде өлкөбүздүн желегин дагы да желбирете бериңиздер" ,- деп өз сөзүн жыйынтыктады министр.

Эскерте кетсек, Пара Азия оюндарында кыргызстандын курама командасы 4 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 1 коло) жеңди.

Парадзюдо боюнча 48 кг чейинки салмакта Хайитхон Хусан кызы алтын медаль тагынса, пара жеңил атлетика боюнча Жалалидин Абдувалиев 2 күмүш медалга, Гүлназ Жүзбаева коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, пара Азия оюндары 20-30-октябрь күндөрү өттү.

Ага Кыргызстандан спорттун 7 түрүнөн (жеңил атлетика,пауэрлифтинг,теннис,сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо) 27 спортчу катышты. Мындан сырткары курама командада машыктыруучулар, атайын спортчуларга көмөк көрсөтүүчү гиддер жана медицина кызматкерлери бар.

Пикир

Оставить комментарий