• 88.68
  • 95
  • 0.95

KOICA Саламаттык сактоо министрлигине медициналык жабдууларды тапшырды

Ден соолук 0

Бшкек, 30.10.23. /Кабар/. Бүгүн Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине медициналык жабдууларды тапшырды.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жалпы суммасы 56 млн 67 миң сомду түзгөн жабдуулар агенттиктин “Өнүктүрүү кызматташтыгы аркылуу COVID-19га туруктуулукту жогорулатуу” ABC программасынын алкагында берилген.

Иш-чарага Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Джэ, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова, Улуттук хирургия борборунун директору Канат Мамакеев Канат жана KOICAнын директору Ли Джонгсу катышты.

KOICA менен КР Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы бул кызматташуу Корея өкмөтүнүн COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө өнөктөш өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган “Ишенимдүүлүктү бекемдөө” стратегиясынын алкагында ишке ашырылган

Пикир

Оставить комментарий