• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда аялдарды сүннөткө отургузууга тыюу салынган — министрлик

Ден соолук 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Кыргызстанда аялдарды сүннөткө отургузууга тыюу салынган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сүннөткө отургузуу фактысы катталган эмес. Ошондой эле ооруканаларда мындай операцияларды жасоого тыюу салынган, анткени операциялар аялдардын ден соолугуна зыян келтирип, алардын укуктарын бузат.

Саламаттык сактоо министрлигинен белгилешкендей, мындай процедуралардын натыйжасында аялда инфекция, сепсис, заара чыгаруу жолдорунун инфекциясы, этек киринин ооруп келиши, киста, тукумсуздук сыяктуу оорулар пайда болушу мүмкүн. Демек, төрөттүн татаалдашы жана аялдардын өлүмү көбөйөт.

Буга чейин саясий ишмер Феликс Кулов социалдык тармактарда өлкөдө аялдарды сүннөткө отургузуу диний негизде жасалып жатканын айтып, ведомстволордон чара көрүүнү суранган.

Пикир

Оставить комментарий