• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан РФнын Кабулдагы элчилигинин жанында болгон террордук актыны айыптайт

Саясат 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасы Россия Федерациясынын Кабулдагы элчилигинин жанында болгон террордук актыны айыптайт. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

"Тынч жашаган калкка, чет элдик дипломаттарга каршы багытталган ар кандай террордук актылар тыкыр иликтенип, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек.

Кыргыз Республикасы кандай гана формада болбосун терроризмге жана экстремизмге каршы ырайымсыз күрөштү колдой турганын ырастайт жана бул маселеде бүткүл эл аралык коомчулуктун координациясын мындан ары да күчөтүүгө чакырат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий