• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбек Кулубаев Сенегалдын тышкы иштер министри Исмаил Фалл менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Бүгүн, 2-мартта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сенегалдын тышкы иштер министри Исмаил Мадиор Фалл мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Түркиядагы III Анталия дипломатиялык форумунун алкагында өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар глобалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, ошондой эле Кыргызстандын талапкерлигин БУУнун Коопсуздук rеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө колдоо контекстинде эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда министр Жээнбек Кулубаев кесиптешин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий